Кытайда 1 миң 690 жер силкинүү катталды

10-Авг. 2017, Бейшемби

Аталган өлкөнүн түштүк-батышындагы Сычуань провинциясындагы жер титирөөдөн кийин 1 миң 690 жолу жердин силкинүүсү катталган. Алардын эң күчтүүсү 4,8 баллага жеткенин өлкөнүн сейсмологиялык кызматы кабарлады.

Кытайдын Сычуань провинциясында шейшемби, 8-августта күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул мезгилге чейинки аралыкта зилзаланы курмандыктарынын саны 19га жетти. Дагы 343 адам жаракат алды. Аймакта издөө, куткаруу иштери уланууда.

Жаратылыш кырсыгы катталган Сычуань аймагынан 60 миңден ашык тургундар жана туристтер коопсуз жактарга көчүрүлдү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!