​Юпитерде жашоого шарттар байкалды

10-Авг. 2017, Бейшемби

"Юнона" космостук түзүмү тарткан сүрөттөрдөн улам окумуштуулар Юпитер планетасынын үстүңкү катмарынан Жердикине окшогон чаңдарды байкай алышканын “Росбалт” маалымат агенттиги жазды.

Анда адамдардын көзүнөн миллиарддаган жылдар бою жашырынып жаткан күкүрт жана суутектин бүртүкчөлөрү жөнүндө сөз болгон.

Планеталардын окшош физикалык мүнөздөмөлөрүнө токтолуп, ал жакта суу жана аба, андан улам жашоого шарт бар экендиги болжолдошууда. Бирок Юпитердин Жерден бир айырмачылыгы эске алынууда. Ал жылуулукту Күндөн эмес, өзүнүн ысык ядросунан алгандыгы.

Окумуштуулар ачылышына толук ынануусу үчүн гигант-планетанын бетин бургулануусу зарыл. Бирок бул иш жакынкы мезгилде ишке ашчудай көрүнбөйт.

“Vista News” порталынын маалыматына караганда космос кемеси гигант планетанын бетин 2016-жылы изилдеген. Бирок сүрөттөрү эми гана чечмеленди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!