Тажикстанды чаңдуу туман каптайт

10-Авг. 2017, Бейшемби

Аталган өлкөдө 10-августа катуу шамал, чаңдуу бороон жана туман болору күтүлүп жатканын өлкөнүн гидрометеорология агенттиги кабарлаган.

Мындай аба ырайы өлкөнүн түштүк жана борбордук аймактарында күтүлөт.

“Гидрометеорология агенттиги өзгөчө жүрөк-кан тамыр жана астма менен ооругандар, балдар жашаган жерлеринен убактылуу кетип, саламаттыгына кам көрүүнүн чараларын көрүшү керектигин эскертет”,-деп белгилеген метеорологдор.

Белгилей кетсек, мындан бир ай мурда, 11-13-июлда ушундай аба ырайы Тажикстанда катталган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!