Чач жасалгасы Трамптыкына окшогон жөжө

10-Авг. 2017, Бейшемби

Чач жасалгасы АКШнын президенти Дональд Трамптыкына окшогон, бийиктиги тогуз метрге жеткен жөжөнүн фигурасы Вашингтондо Ак үйгө жакын жерге орнотулган. Ал күнү шаршембиде америкалык лидер шаарда болгон эмес. Бул тууралуу “KTSA” радиостанцияcынын маалыматына таянып “Риа новости” агенттиги жазды.

Жөжөнү Ак үйгө жакын жерге орнотуу демилгеси фигураны жасоого каражат чогулткан адам же даректүү тасмалардын режиссеру Тарану Сингху Брага таандык.

“Биз президентти алсыз жана натыйжасыз лидер катары сындоо үчүн бул жерге келдик. Ал өзүнүн салык боюнча билдирүүсүн жарыялагандан абдан коркот”,-деген режиссер.

Белгилейт кетсек, буга чейин үйлөмө жөжөнү мамлекет башчысынан салык декларациясын жаңылоону талап кылган демонстрациянын катышуучулары алып жүрүшкөн.

Америкалык ММКлар үйлөмө жөжө маалымат каражаттарынын, өткөн кеткендердин жана баарлашуу тармактарындагы колдонуучулардын көңүлүн буруп жатканын жазды.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!