Карызы рекорддук көрсөткүчкө жетти

10-Авг. 2017, Бейшемби

2017-жылдын июнь айында америкалыктардын кредиттик карта боюнча карызы рекорддук деңгээлге жетти. Бул тууралуу “MarketWatch” кабарлады.

Федералдык резерв системасынын (ФРС) маалыматы боюнча бул көрсөткүч 1,021 трлн долларды түздү. Буга чейин рекорд 2008-жылдын апрелинде 1,02 трлн доллар болгон.

Американын колдонуучуларынын кредиттик карызы 2017-жылдын июнунда 2016-жыл менен салыштырганда 4,9 пайызга өскөн. Ошону менен бирге, алар ири банктар менен эмитенттер чыгарган насыя карталарын көптөн бери пайдаланып келет.

2017-жылдын биринчи жылдыгында насыя картасын пайдалангандардын саны — 171 млн адамды кураган. Бул 2005-жылдан бери эң жогорку көрсөткүч.

Нью-Йорк Федералдык резервтик банкынын (ФРБ) билдиргенине шайкеш, 2017-жылдын март айында АКШда колдонуучулар насыялары боюнча жалпы карыз 12,73 трлн долларга жеткен. Бга чейинки эң жогорку көрсөткүч 2008-жылы (12,68 трлн доллар) тиркелген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!