Гуамдын губернатору АКШ коргоорун айтты

10-Авг. 2017, Бейшемби

Гуам аралынын губернатору Эдди Калво 9-августа АКШ Түндүк Корея тараптан болгон коркунучтардан коргой турганына ишенерин билдирди.

“Менде аскерлер менен брифинг жетиштүү. Гуам жана башка аймактар корголот. Гуамдын жарандык бийлиги окуя кандай гана нукта өнүкпөсүн АКШнын аскердик командачылыгы менен тыгыз иштеп жатат”,-деген ал “Fox News” телекомпаниясына берген маегинде.

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы мамиле акыркы күндөрдө олуттуу курчуду. Кореянын Борбордук телеграф агенттиги Пхеньян Гуам аралындагы америкалык аскердик базага ракета менен сокку уруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын кабарлады. Ал эми Дональд Трамп АКШга коркунуч жаралса ага каардуу жооп болорун эскертти.

Гуам аралында Американын Андерсен авиа базасы жана Апра-Харбор аскердик-деңиздик базасы жайгашкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!