Көп каражат тапкан жазуучулар аныкталды

11-Авг. 2017, Жума

Америкадагы “Forbes” журналы дүйнөдөгү эң көп каражат тапкан жазуучулардын рейтингин чыгарды. Бул ирет биринчиликке 95 миллион доллар тапкан англиялык жазуучу Жоан Роулинг жетишти. Сыйкырчы Гарри Поттер жөнүндөгү романдын авторунун тапканын басылма 650 миллион долларга баалады.

Кийинки саптагы америкалык Жеймс Паттерсон 87 миллион доллар тапкан. Ал бир нече детективдердин жана триллердин автору болуп саналат.

Үчүнчү орунга 46 жаштагы Жефф Кинни жазылды. “Дневник слабака” бестселлеринин автору 21 миллион доллар тапкан.
“Forbes” басылмасынын рейтингине Стивен Кинг (15 миллион доллар), Жон Гришэм (14 миллион доллар), Пол Хокинс (13 миллион доллар), Э.Л.Жеймс (11,5 миллион доллар) жана башка авторлор кирди.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!