Химиялык жумурткалар 12 өлкөдө сатылган

11-Авг. 2017, Жума

Нидерланд бийлиги тоок фермасында фипронил заты колдонулган деген болжол менен компаниянын эки кызматкерин кармады. Бул заттар Европада тамак-аш өндүрүшүндө колдонууга тыюу салынган. Иликтөөгө байланышкан рейддер 26 юридикалык жана жеке жактар шектелип жаткан Бельгияда да өттү.

Европада тоок фермаларында зыянкечтерди жок кылууга фипронилдин кеңири пайдаланылып жатканы август айында белгилүү болгон. Анда Германияда “Aldi” супермаркеттер тармагы Бельгия жана Нидерландардан келген жумурткалар сатыктан алынарын билдирген. Кийин мындай жумурткалар үч мамлекеттен тышкары Швейцария, Швеция, Франция, Улуубритания, Дания, Румыния, Люксембург жана Словакияга тараганы белгилүү болду.

Европа биримдигинде фипронил бөйрөк, боор жана калкан безине зыяны тийгизет деген негизде тамак-аш өндүрүшүндө колдонууга тыюу салынган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!