Балдардын филармониясы түзүлөт

11-Авг. 2017, Жума

Тажикстанда балдар үчүн мамлекеттик филармония түзүү жөнүндөгү токтомго президент Эмомали Рахмон 28-июлда кол койгон. Анда маданий жай республикалык Маданият жана искусство сарайынын базасында, анын мүлкү жана штаттык бирдиктеринин негизинде курулары белгиленген.

Тажикстан Республикасынын Маданият министрлиги филармонияны мекемелерге жана уюмдарга каралган каражаттын эсебинен куруу боюнча маселелерди чечет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!