Поезддердин кагышуусунан 42 адам көз жумду

12-Авг. 2017, Ишемби

Египеттин Александрия шаарында поезддердин кагышуусунан 42 адам көз жумса, 133 жүргүнчү жаракат алганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Кырсык Александрия менен Каир шаарларынын ортосундагы Хоршид станциясында жергиликтүү убакыт боюнча 14.15те катталган. Кагышууда бир составдын локомотиви, экинчи поезддин эки вагону жолдон чыгып кеткенин Египеттин темир жол башкармалыгынан билдиришүүдө.

Прокурор Набиль Садек бийлик окуя боюнча иликтөө баштаганын айтты.

2012-жылы Каирдин түндүгүндө поезд мектептин автобусун сүзгөн. Кырсыкта көпчүлүгү балдардан турган 50 адам көз жумган. Коомчулук бул окуяны транспорт тармагынын эскиргенине байланыштырып, нааразычылыгын билдирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!