Кычкылтек берилбей 60 бала көз жумду

14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Индиянын түндүгүндөгү ооруканалардын биринде 60 бала көз жумду. Ага каражат төлөнбөгөн үчүн жасалма дем алдыруучу түзүмгө абанын толукталбаганы себеп болгону болжолдонууда. Көз жумгандардын көбү ымыркайлар жана энцефалит менен жабыркагандар болгон. Уттар-Прадеш штатынын бийлиги аппаратта аба берүү үзгүлтүккө учураганын мойнуна алганы менен балдардын өлүмүнүн себеби башкада экенин айтышкан.

Жергиликтүү ММКлар ооруканада дүрбөлөң болуп, балдардын ата-энелери медицина кызматкерлерине кол менен жасалма дем алдырганга жардамдашканын жазган. Муниципалитеттин өкүлү Анил Кумар төлөмдөрдөн маселе болгонун, бирок өлүм табигый себептерден болорун, көптөгөн бейтаптар оор абалда жатканын билдирген. Штаттын Саламаттыкты сактоо министри Сидхартх Натх Сингх массалык көрүнүш кычкылтектин жетишсиздигинен болгонун жокко чыгарып, ооруканада акыркы үч жылда күн сайын 19дан 22ге чейин мындай көрүнүш катталарын айткан.

Бул окуя Индияда резонанс жаратты. Оппозициянын лидеры болуп өткөндөргө премьер-министр Нарендра Модини жана "Бхаратия джаната" партиясын айыптады.
Ал эми штаттын өкүлдөрү балдардын өлүмү боюнча иликтөө иштери башталганын кабарлады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!