Согуштук учактарды айымдар башкарат

14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Краснодар аскердик авиация мектеби өлкө тарыхында алгачкы ирет согуштук учактарды башкарууну каалаган кыздарга каалгасын ачты.

Аталган өлкөнүн Коргоо министри Сергей Шойгу мындай чечимди учкуч болууну каалаган кыздардан жүздөгөн каттар келип түшкөнү менен түшүндүрдү. Ошондой эле ал талаптарды көз жаздымда калтырууга мүмкүн болбой калганын айтты.

“Алгачкы окуулар 1-октябрда өлкөнүн түштүгүндөгү Краснодар аскердик авиациялык мектебинде башталат. Болгону 15 орун берилген. Согуштук учактарды башкаруу беш жыл окутулат. Аталган окуу жай 2009-жылдан бери кыздарга билим берип келгени менен, учкучтарды даярдоо бөлүмүнө айымдар кабыл алынган эмес”,-деди министр.

Болжол менен 2 миллион мүчөсү бар Россиянын армиясынын 1 миллиону активдүү милдет өтөөдө. 2014-жылга таандык расмий маалыматтарга караганда аскерде 45 миң аял иштегени менен кызмат өтөйт. Бирок алардын көпчүлүгү аскер бөлүктөрүндө иштебейт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!