Ракетага 540 миллион доллар жумшалат

14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Иран парламенти көпчүлүк добуш менен антиамерикалык мыйзамды кабыл алды. Андагы беренелердин биринде баллистикалык ракета куруу программасын кеңейтүүгө көбүрөөк каржы бөлүү каралгандыгын “IRNA” агенттиги кабарлаган.

Мыйзамды кабыл алууга жыйынга катышкан 247 депутаттын эки жүз кыркы добуш берген.

“Америкалыктар бул биринчи гана кадам экенин түшүнүшү керек”,-деген спикер Али Лариджанин сөзүн маалымат каражаттары цитата келтирген.
“The Daily Sabbah” басылмасынын маалыматтарына караганда мыйзамда баллистикалык ракетаны иштеп чыгуу программасына 520 миллион доллар бөлүнөрү белгиленген. Ошондой эле өлкөнүн коргоо тармагына, террорчулукка каршы аракеттерге, Ирандын дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүнө, ракеталык кол салуудан коргонууга, аймактын туруктуулугун камсыз кылууга 5 миллиард доллар бөлүү жагы каралган.

Иран, Россия жана КЭДРге санкция киргизген мыйзамга Американын президенти Дональд Трамп 2-августа кол койгон. Ага чейин ал АКШнын Сенаты жана Өкүлдөр палатасында көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!