Операциядан беш адам көз жумду

15-Авг. 2017, Шейшемби

АКШда ашказандын көлөмүн кичирейтүү максатында жасалган операциядан беш киши көз жумган. Мындай операцияга өлкөнүн Медикаменттерди жана азык-түлүктөрдүн сапатын санитардык көзөмөлдөө башкармалыгы уруксат берген.

Маалымат каражатары операция учурунда адамдардын ашказанына грейпфруттун өлчөмүндөгү суюктук толтурулган силикон шары жайгаштырыларын жазышты. Тамак-ашка аз гана орун калтыргыдай коюлган мындай предмет ашказанда жарым жылга чейин болот.

Бирок бул учурда татаалдашуулар да кездешиши мүмкүн. Жүрөк айлануу, дем алууну орлотуу, ич оору, панкреатит сыяктуу дарттарды пайда кылат.

Статистикага ылайык 2016-жылы мындай операциядан беш киши көз жумган. Ал эми акыркы 11 жылда 277 миң бейтаптын жыйырма бири зыян тарткан.

Акыркы беш бейтаптын көз жумганы операциядан улам болгонун тактоо максатында текшерүү иштери башталган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!