Дүйнөлүк согуштун катышуучулары эскерилди

16-Авг. 2017, Шаршемби

Шейшемби, 16-августа Япониянын борбору Токио шаарында Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде көз жумган япондуктар эскерилди. Бул иш-чарага император Акихито жубайы менен, премьер-министр Синдзо Абэ жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.

“3,1 миллион жараныбыздын өмүрүн алган согуш апааты кайра кайталанбашы керек. Өлкөбүз тынчтыкты баалап, бейкутчулукту орнотууга, бүткүл дүйнөгө жайылтууга болгон күчүн жумшап келет”,-деди Синдзо Абэ.

Андан кийин сөз алган император Акихито өлкөсүнүн тынчтыкта өнүгүүсүн тилек кылды. “Канчалаган адамдардын баалуу жашосун алып кеткенин, алардын артында калган үй-бүлөлөрү тууралуу ойлоном. Согуштун апааты кайталанбасын”,-деди монарх.

15-августта 1945-жылы учурдагы императордун атасы радио аркылуу элге кайрылуу жасаган. Анда Японияда согуш чыккан айткан. Анын сөзү жашоо багытын жана баалуулуктардын дароо өзгөрүүсүнө түрткү болгон.

Ошол мезгилде кайрылууну уккандар түрдүү эмоцияда болгону айтылат. Чоңдор ыйлап атса, көптөрү ишене алышкан эмес. Жолдошун, аталарын, уулдарын узатып жаткандар кайра келеринен үмүт артып кубанышкан.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!