200 жылдык дуб 13 адамды басып калды

16-Авг. 2017, Шаршемби

Португалиянын Мадейра аралында 200 жылдык дуб адамдардын үстүнө кулап, 13 адам көз жумса, кырк тогузу жаракат алды.

Кырсык Фуншал шаарынын тегерегиндеги эл көп топтолгон аянтта фестиваль учурунда болгондуктан көптөгөн адамдар зыян тартты. Маалыматтарга караганда көз жумгандардын арасында балдар жана чет элдик жарандар бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!