“Amazon” компаниясы чыгым тартты

18-Авг. 2017, Жума

АКШнын президенти Дональд Трамп “Amazon” компаниясынын салыгын төлөгөн ишкерге чоң зыян келтиргендигин, бул көптөгөн чыгымдарга себеп болорун жазды. 2015-жылдын аяктарында АКШнын президенти Дональд Трамп менен “Amazon” компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостун ортосунда талаш жаралган. Барган сайын күчөгөн кармаш аталган ишкананын кадимки дүкөндөргө зыянын тийгизип, жумуш орундарын балталап жатканы боюнча билдирүүсүнөн кийин ого бетер кызыды.

Өлкөнүн көбү уйкуда жатканда Дональд Трамп “Amazon” компаниясын 6 миллиард долларга чыгым кылды. Америка убактысы боюнча 06:12де Твиттерге жазган билдирүүсүндө АКШнын президенти “Amazon компаниясынын салыгын төлөгөн ишкерге чоң зыян болду. Бул да иште чоң жоготууга учуратат”,-деген сүйлөмдөр орун алган.
Бул жазуу “Amazon” акцияларынын капысынан олуттуу төмөндөөсүнө себеп болду. Бир нече мүнөт ичинде ишкананын рыноктук капиталында 6 миллиард доллардай төмөндөө байкалды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!