Укук үстөмдүгү индексинде Түркия 99-орунда

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Дүйнө жүзүндө мыйзамдардын адилеттүү аткарылганын же аткарылбагандыгын, бул боюнча коомчулуктун оюн иликтеген “The World Justice Project (WJP)” уюму өткөн жыл боюнча изилдөөлөрүн жарыялады.

8 негизги факторлор боюнча 44 башка көрсөтмөгө таянган уюм мамлекеттердеги түрдүү катмарлар боюнча жарандар жана укук тармагында адистер менен иш алып барган.

“Euronews” телеканалындагы жаңылыктарга караганда рапортто Түркия 2016-жылдагы көрсөткүчкө ылайык 8 баскыча төмөндөп, 113 өлкөнүн арасында 99-орунга жеткен.

Батыш мамлекеттери мыйзамдын үстөмдүгү жагынан жогорку орундарга илинген. Кийинки баскычтарга алыскы чыгыш, Тынч океандагы өлкөлөр жазылса, Түштүк Азиядагы мамлекеттер эң начар көрсөткүчтөрү менен артта калган.

Алгачкы орундарды Скандинавия мамлекеттери алды

Укуктун үстөмдүгү боюнча индексте биринчиликке Дания, экинчиликке Норвегия жеткен. Румыния күтүүсүз жыйынтык берип, 2015-жылдагыдан 4 баскычка жогорулаган.

Грузия 34, Босния жана Герцеговина 35, Македония 36-кезекке илинди. Албания, Түркия жана Россия упайлары эң төмөн түшкөн өлклөрдүн катарына кирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!