Кеме 72 жылдан кийин табылды

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Япониянын суу астында жүрүүчү кемеси тарабынан сокку урулган кеменин калдыктары 72 жылдан кийин Тынч океанынын 5,5 чакырым тереңдигинен табылды.

АКШ жабдыган “USS Indianapolis” аттуу согуштук кеме Хиросимага ташталган атом бомбасынын айрым бөлүктөрүн тапшырууга барган. Ал кайтып келе жатканда 1945-жылы 30-июлда Япониянын суу астында жүрүүчү кемесинин соккусуна Филипин деңизиндеги Гуам жана Лейте аралдарынын ортосунан кабылган. 12 мүнөт ичинде чөккөн кемеде 1 миң 196 экипаж болгон. АКШнын деңиз күчтөрүнө таандык согуштук кемеден 316 адам куткарылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!