АКШ-Түштүк Корея: аскердик машыгуу башталды

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

АКШ жана Түндүк Кореянын ортосунда “өзөктүк чыңалуу” уланып жатканда АКШ жана Түштүк Корея жыл сайын кайталанып туруучу “Ulchi Freedom Guardian” аталышындагыорток аскердик машыгуу баштады. Ал эми Түндүк Корея бул аракеттерге “оккупация чагымы” катары баа берди.

АКШ жана Түндүк Кореянын ортосунда Пхеньян өткөн айда эки ирет континенттер аралык баллистикалык ракета сынагандан бери чыңалуу уланып жатканда АКШ Түштүк Корея менен орток аскердик машыгуу баштады. “Ulchi Freedom Guardian” аттуу аскердик иш-чарага АКШдан 17 миң 500 жана Түштүк Кореядан 50 миң аскер катышып, 11 күнгө созулары күтүлүүдө.

Машыгууда танктардын маневрлары жана кадимки фронттогудай атышуулар болбой тургандыгын, аскерлер компьютердик программалар аркылуу чечим чыгаруу жөндөмдүүлүктөрү текшерилери белгиленген. Ошондой эле коргонуу аракеттерине басым жасалары айтылды.

Түндүк Корея бул машыгууларга “оккупация чагымы” катары баа берди. Жекшембиде расмий “Rodong Sinmun” гезитиндеги макалада бул аракеттер Корей жарым аралындагы абалды ого бетер татаалдаштырары жазылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!