Иштегенге мыкты мүмкүнчүлүк түзгөн мамлекеттер

22-Авг. 2017, Шейшемби

Шарттары, жогорку айлык маяналары менен арткычылыктуу делген өлкөлөргө көч уланууда.

1. Норвегия

Түндүк Европанын өнүккөн Норвегия мамлекети социалдык укуктар менен бирге жогорку маяналуу иш менен камсыз кылат. Бул жакта иштөө үчүн кайсы бир тармак боюнча адистик зарыл.

2. Канада
Маданиятуу түзүлүшү бар, түрдүү мамлекеттерден келгендерге жумуш берген өлкөлөрдүн катарында. Социалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн көптүгү жана стандарттарынын өнүккөнү Канада мамлекетинин эң жакшы жагы.

3. АКШ
Көпчүлүктүн жакшы жумуш табуу кыялын орундатып келген Америка иштегендерге адилеттүү мамиле кылат. Шарттары жеңил, жумушсуздук төмөнкү жана саат менен иштөө сыяктуу артыкчылыктарга ээ АКШ бул боюнча бир альтернатив.

4. Австралия
Жогорку деңгээлдеги жашоо стандарттары, күчтүү экономикасы менен көңүл бурдурган Австралияда жумушсуздардын саны эң төмөнкү көрсөткүчтө.

5. Швейцария
Эң өнүккөн экономикасы бар Швейцарияда жумуштан кетирүү жокко эсе.

6. Англия

Иш тармактарынын көптүгү менен белгилүү Англияда 800 миң түрдүү жумуш тапканга болот.

7. Кытай

Дүйнөдө калкы жыш жайгашкан Кытай мамлекетинде он миңдеген жумушчу орундарына жогорку квалификациялуу кызматкерлерге суроо-талап жогору.

8. Германия
Европада экономикасы эң күчтүү Германияда чет элден келгендерге муктаж бир топ ишканалар бар.

9. Ирландия

Дүйнөгө белгилүү технологиялык компаниялар жайгашкан Ирландия Европадагы улуттук киреше эң жогорку мамлекеттердин катарында.

10. Катар

Курулуш, инженерия жана саламаттык тармагында иш мүмкүнчүлүктөрүн түзгөн Катар чет элдик ишкерлерди өзүнө маянасы жана социалдык шарттары менен тартат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!