АКШда Күн толук тутулду

22-Авг. 2017, Шейшемби

Кечээ, 21-август күнү АКШ тургундары Күндүн толук тутулушуна күбө болушту.

Айдын Күндүн бетин толугу менен жабуусу 99 жылдан бери болбогон көрүнүш кайталанды. Ал батыштагы Орегоннан чыгыштагы Туштүк Каролинага чейинки аралыктагы 14 штатындагы миллиондогон адам көрө алышты. Табияттын бул кубулушун өлкөнун башкы телеканалдары жана NASAсайты түз алып барып көрсөттү. Атайы жабдыкталган учак Тынч океанынын жээги менен учуп, тутулуну байкоого алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!