Олимпиадалык шаарчадагы эки жай Гиннесске кирди

22-Авг. 2017, Шейшемби

Ашхабаддагы Олимпиадалык шаарчадагы эки жай Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул туурасында мамлекеттик “ТДХ” маалымат агенттиги кабарлаган.

“Guinness World Records” компаниясынын өкүлдөрү борбордогу Олимпиадалык стадионго көрк берип турган жылкынын образын планетадагы жылкын эң чоң архитектуралык символу деп тапкан. Ал эми олимпиада шаарчасындагы спорттун суудагы түрлөрү өтүүчү борборду дүйнөдөгү эң чоң жабык бассейн деп аташкан.

Рекорддор туралуу маалымат берген компаниянын өкүлдөрү март айында спорттук жайга эки ирет келип, жылкын монументин ченешкен. Анда бийиктиги 40,05 метр, узундугу 37,69 метр, ал эми туурасы 40,24 метр экени белгилүү болгон.

Ал эми спорттун суудагы түрлөрү боюнча борбордун жалпы аянты 4 миң 976,65 чарчы метр болуп, трибунасына 5 миң адам батары аныкталган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!