Бактылуу өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан 98-орунда

23-Авг. 2017, Шаршемби

Жыл сайын БУУ тарабынан туруктуу өнүгүү жолдорун изилдөө максатында жүргүзүлгөн “World Happiness Report” (Дүйнөдөгү бактылуу өлкөлөрдүн отчету) жарыяланды.

2011-жылдын июль айында БУУнун Генералдык ассамблеясы резолюция кабыл алган. Анда БУУга мүчө болгон өлкөлөрдүн өз элинин бактылуулугун аныктоого жана аны мамлекеттик саясий багыттама катары пайдаланууга үндөгөн.

Биринчи дүйнөлүк бактылуулуктун отчетту 2012-жылы 1-апрелде жалпы жыйында негизги текст катары жарыяланган. Бул дүйнөдөгү бакыттын алгачкы глобалдык изилдөөсү элдин назарын өзүнө бурду. Отчетто дүйнөдөгү бакыттын, бакыт менен кедейликтин себептери, ошондой эле мисалга келтирилген изилдөөлөрдүн жыйынтыктары талкууланган. Отчетто Гэллапа интитутунун маалыматтары колдонулат. Маалыматтарды дүйнөдөгү бакыт тууралуу “World Happiness Report” веб-сайттынан көрүүгө болот.

Улуттук бакытты баалоонун 6 себеби: киши башына эсептелген ички дүң өндүрүм (ИДӨ), коомдук колдоо, өмүр сүрүүнүн узактыгы, жарандардын маанилүү чечимдерди кабылдоосу, берешендик жана паракорчулукка болгон мамиле боюнча аныкталат. Ар бир фактор 10 баллдык шкала боюнча баа берилет.

Маалыматка ылайык Кыргызстан 155 өлкөнүн ичинен 98-орунга ээ болгон. Тизменин сап башында Норвегия, андан соң Дания жана Исландия өлкөлөрү турат. Казакстан-60, Россия-49, Өзбекстан-47, АКШ-14 орунга чыккан.

Эскерте кетсек, былтыркы көрсөткүч боюнча Кыргызстан 85-орунду ээлеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!