Климаттык өзгөрүүдөн улам жок болуучу жерлер

23-Авг. 2017, Шаршемби

Климаттык өзгөрүүлөр, муз массасынын өсүүсү, кургакчылыктан улам келип чыккан өрттөрдүн көбөйүшү сыяктуу көрүнүштөр мурдагыдан да тез журө баштагыны тууралуу илимий далилдер азыртадан эле байкала баштады. Глобалдык жылуулуктун таасиринен дүйнөдөгү кээ бир негизги жерлер коркунучка тап болушу мүмкүн. Ал эми кээ бир аймактар таптакыр жер бетинен жок болуп кетүү коркунучуна тирелүүсү ыктымал. Амазонкадан баштап Напа аралына чейин келечекте 12 жер жок болуп кетүү коркунучунда турат...

1. Альп тоолору

Бул тоо кыркалары Европанын сегиз өлкөлөрүнө жайылган. Лыжа тебүүчүлөр үчүн дүйнөдөгү эң сүйүктүү жол багыттарынын бири бойдон калууда. Температуранын жогорулоосунан улам кардын тез ээрүүсүнөн кышкы спорт оюндарынын мезгилин кыскартууда.

2. Өлүү көл

Өлүү көл же Лут көлү жыл сайын 10 метрге азайып келет. Өрөөндүн өнүгүүсүнөн бери суу бетинин үчтөн бир бөлүгү жок болгон. Плотиналар, суу сактагычтар жана жылда курулуучу суу түтүктөрү көлгө куюлуучу суу агымынын кыскарышына алып келген. Жакынкы Чыгыштагы жылуу климат өрөөндү калыбына келтирүү иштерин кыйындатууда. Адистердин маалыматы боюнча, Лут көлү 2050-жылга чейин толугу менен кургап жок болот.

3. Амазонка

Дүйнөдөгү эң узун тропикалык токой Амазонка Түштүк Американын 40 пайызын камтыйт. Бирок, анын бул көлөмүнө карабастан климаттык өзгөрүүлөр Амазонканы алсыратып койду. Өзгөчө кургакчылдык бак-дарактардын кургап калуусуна жана токойдун өрткө кабылуу тобокелин күчөтүүдө.

4. Ири коралл рифи

Австралиянын түндүк-чыгыш жээгинде орун алган 1400 чакырымдан ашык аймакты ээлеген «Ири коралл рифтери” дүйнөдөгу эң чоң коралл рифтер системасы болуп саналат. Деңиз жандыктарынын ар түрдүүлүгү жыл сайын дайвинг сүйүүчүлөрүн өзүнө тартат. Ошентсе да океандагы температуранын өсүүсү менен кораллдардын жоголуп кетүү коркунучу жаралууда. Жакынкы аралыкта жүргүзүлгөн изилдөөлөр бонча “Ири коралл рифтеринин” 90 пайыздан ашыгы агарууга учураганы байкалган.

5. Рона өрөөнү

Франциянын түштүгүндөгү Рона өрөөнү дүйнөдөгү кооз шарап чыгаруучу жерлердин бири. Бирок аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу шарап чыгарууга болбой калганда өндүрүчүлөр бул жерди таштап салкын жерлерге кетүүсү мүмкүн.

6. Венеция

Венеция көчөлөрүнүн кооздугуна суктанып бүтө албайсыз. Адриатиканын деңиз суулары шаардын ичине чейин тарап, бүткүл шаар романтикалык атмосферага ээ болот. Бирок, бул кооздукка климаттын өзгөрүүсү коркунуч алып келүүдө. Суунун деңгээли көтөрүлүп, Сан-Марко аянты менен кошо көптөгөн жерлер суу алдында калуусу кооптондурууда.

7. Maльдив аралы

Инди океанынындагы топтошкон Мальдив аралынын кээ бир жерлери жоголуп кеткен. Буга байланыштуу өлкө 2019-жылдан газды пайдаланууну кыскартууга аракеттенишүүдө. Ал эми алардын бул иши канчалыкты натыйжалуу болоору белгисиз.

8. “Key West”

Бир убактагы Эрнест Хемингуэйдин үйү аталган “Key West” азыркы убакта дайвинг менен машыккандардын сүйүктүү жери. Американын түштүк жээгиндеги “Key West” алдыңкы 30 жыл аралыгында суунун көлөмү чамасы менен 40 см көтөрүлүүсү болжолдонууда.

9. Напа өрөөнү

1859-жылы алгачкы коммерциялык шарап чыгаруучу завод ачылгандан тартып, Напа шарап боюнча эксперттердин тизмесине кирген. 1000ден ашык шарап заводу жайгашкан Напанын тагдыры да Рона сыяктуу температуранын жогорулоосу күтүлөт.

10. Aляска

Аляскадагы муздардын тез эриши, жер көчкүнү пайда кылат.

11. Мумбай

18 миллиондон ашык адам отурукташкан Мумбай шаары дүйнөдөгү калк жыш жайгашкан шаарлардын бири болуп саналат. Шаар күн өткөн сайын кеңейип, бийик имараттар курулууда. Тилекке каршы, мындай конструкциялар кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн. Алар климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу жакынкы жылдары шаардын көпчүлүк бөлүгү суу алдында калуусу ыктымал.

12. Улуттук мөңгү паркы

АКШ жана Канаданын чек арасындагы Монтанада миллиондогон акрды камтыган Улуттук мөңгү паркы 2016-жылы 3 миллионга жакын туристти кабыл алган. Бирок глобалдык жылуу аба ырайы жакындаган сайын, жүздөгөн түрдүү жаныбарлар менен өсүмдүктөрү бар бул экосистема муздардын эриши менен жоголуп кетүү коркунучуна кептелүүдө. АКШнын геологиялык изилдөөлөрү боюнча, 2017-жылдын май айында Портленд мемлекеттик университети 1966-жылдан баштап, температуранын көтөрүлүшү парктагы 39 түрдүү мөңгүлөрдүн эрүүсүнө алып келсе, бара-бара алар 85 пайызга жетээрин маалымдашты. Мөңгүлөр эриген сайын аймактагы бардык экосистема өзгөрөт жана окумуштуулар бир нече жылдан кийин мөңгүлөрдүн азаюусун жана ушул кылымдын аягына чейин жок болуп кетүүсүн болжошууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!