АКШ санкциянын тизмесин кеңейтти

23-Авг. 2017, Шаршемби

АКШнын Казына министрлиги Түндүк Кореяга багытталган санкциянын тизмесин кеңейтти. Ага ылайык Россиянын жана Кытайдын жарандары, айрым ишканалары тизмеге киргизилди.

АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейинки билдирүүлөрүндө Кытайды Түндүк Кореяны токтотууга жетишээрлик аракет жумшабагандыгы менен сынга алган.

Түндүк Корея акыркы жолу 28-июлда континетер аралык баллистикалык ракетаны сынаган. Аталган өлкө 2006-жылдан бери Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) санкцияларына карабастан өзөктүк ишмердиктерин улантып келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!