Макгрегор менен Мейвезер командалары мушташты

23-Авг. 2017, Шаршемби

Лас-Вегаста ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Флойд Майвезердин кездешүүсүндө эки спортчунун командасы мушташ чыгарышты. Бул тууралуу “Рен.ТВ” агентиги маалымдады.

Ошентсе да спортчулар аз да болсо суроолорго жооп берип жетишишкен. Алардын ар кайсысы мүмкүн болушунча каршылашын тез жана аёсуз жеңүүгө убада беришти.

“Independent” басылмасынын маалыматы боюнча, мушташ кезинде эч ким жаракат алган жок.

Эскерте кетсек, 26-августта Лас-Вегаста жекеме-жеке бокс эржелери боюнча алгачкы орто салмактагы мушкерлердин беттеши өтмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!