Дональд Трамп Афганистандан чыгууга каршы

23-Авг. 2017, Шаршемби

АКШнын президенти Дональд Трамп 16 жылдан бери согуш жүрүп жаткан Афганистандан өлкөсүнүн тездик менен чыгып кетүүсү мүмкүн эместигин айтты.

Ал Виргиния штатындагы “Fort Myer” аскердик базасында сүйлөгөн сөзүндө Афганистанга байланыштуу жаңы согуш стратегиясы тууралуу өз пикирин билдирди. “Афганистан жана башка аймактар туш болгон коопсуздук коркунучтары абдан чоң экен деген жыйынтыкка келдим. Аскерлердин санына же бул тармакта келерки ишмердигибизге токтолбойм. Кийинки иштерибиз аталган аймактардагы шарттар, ага карата кийинки стратегиялар тууралуу болот”,-деди президент.

АФГАНДАР ӨЗ КЕЛЕЧЕКТЕРИН БЕЛГИЛЕЙТ

Афганистан элинин өз элинин коопсуздугун камсыз кыла тургандыгын түшүндүргөн Трамп “Афгандар өз улутун сактап, келечектерин аныктайт. Алардын ийгиликке жетишин каалайбыз”,-деди.

Афганистандан тездик менен чыгып кетүү мүмкүн эместигин, ортодо боштук болорун айткан Трамп АКШ жеңишке жетиши керектигин баса белгиледи.

“АКШ эли жеңиши жок согуштан чарчагандар. Калктын бир бөлүгү зыян көрсө анын кыйынчылыгы баарына таасир этет. Элибизге берилгендик, бири-бирибизге берилгендикти талап кылат”,-деди ал.

АКШнын сырткы душмандарынан коргонуусу үчүн биримдик зарыл экендигин баса белгилеген президент элинин жашоосун, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого даяр экенин баса белгиледи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!