Жоголгон саудиялык принцтер тууралуу окуя

23-Авг. 2017, Шаршемби

Үчөө тең Европада жашачу. Үчөө тең бийликке каршы болушкан.

Акыркы эки жылда Европада жашап жатышкан үч саудиялык принц жок болду. Өлкөнүн өкмөтүн сындаган билдирүүлөрдү жасап жүргөн үч принцти учак менен Сауд Арабияга алып кеткенине байланыштуу далилдер бар.

КАЧЫРЫП КЕТИШКЕН ЖАНА ЭЧ КИМ КАБАРЛАША АЛГАН ЭМЕС

Абдул-Азиз ибн Абдуррахман Аль Сауд Сауд Арабия королдугун 1932-жылы негиздегенден бери ушул кезге чейин өлкө монархиялык түзүлүш менен башкарылып келет. Ошондой эле оппозицияга толлерантуулук жокко эсе.

Бир убактарда Саудиянын полиция мекемесинде жогорку даражалуу позицияда болгон принц Турки бин Бандар үй-бүлөдө мураска байланыштуу түшүнбөстүктөрдөн улам камакка алынган. Абактан чыккандан кийин Франциянын борбору Париж шаарына качкан. 2012-жылдан баштап Сауд Арабияда реформага чакырыктарды кылган видеолорду “YouTube” каналына жарыялай баштаган.

Сауд бийлиги принц Туркини артка кайтарууга аракет кылды. Бирок бул боюнча ага Ички иштер министринин орун басары телефон чалганда андагы сүйлөшүүлөрдү жаздырып алып, социалдык медиага бөлүшкөн. Ошол сөзүндө министрдин орун басары Түркиге “бардыгы сенин келишиңди чыдамсыздык менен күтүп жатат”,-деген.

Турки буга “Чыдамсыздык менен мени күтүп жатышабы? Сени Султан бин Турки сыяктуу алып келебиз деген кызматкерлериңдин каты тууралуу эмне дейсиң”,-деп жооп берген.

Министрдин орун басары аны тынчытуу аракетинде “Алар сага тийишпейт. Мен сенин бир тууганыңмын да”,-деген эле.

Турки бин Бандар буга жооп катары “Жок ошол каттар сенден келет. Ал Ички иштер министрлиги тарабынан жолдонду”,-деген.

Принц Турки бин Бандар 2015-жылы июль айына чейин видеолорун бөлүшүүнү улантты. Анан ошол жылдын акырында жок болуп кетти.

АЛЫП КАЧЫШАРЫН ЖЕ МЕНИ ӨЛТҮРҮШӨРҮН БИЛГЕМ

Туркинин жок болгондон кийин Мароккодогу бир гезитке анын аты кездешкен маалымат чыкты. Бул кабарга ылайык оппозициядагы принц Мароккодон Парижге кайтууга даярданып жаткан жеринен кармалып, камакка алынган. Кийин Сауд Арабиядан келген талаптын негизинде Марокконун сотунун чечими менен өз өлкөсүнө депортацияланган.

Принц Турки бин Бандарга эмне болгондугу так билинген жок. Бирок жоголордон мурда бир досуна берген жана өзү жазган китептин көчүрмөсүндөгү эскерүүдө жыйынтык ушундай болору белгиленген.
“Кымбаттуу Ваель. Жазгандарымды эч ким менен бөлүшкөнгө болбойт. Мени алып качышарын же өлтүрүшөрүн билем. Менин жана Саудия элинин укуктарын кандай тебелешерин билип турам”,-деп жазылган.

ЖАЛГЫЗ ТАГДЫР – ЖЕР АСТЫНДАГЫ ЗЫНДАН

Принц Турки жок болуп кеткен мезгилдерде Европадагы кумарканаларга жана кымбат мейманканаларды жакшы көргөн дагы бир саудиялык принц Сауд бин Саиф аль-Наср буга окшогон нерселерди бөлүшө баштады.

2014-жылы Сауд бин Саиф “Twitter” аркылуу монархияны сындаган сүйлөмдөрдү бөлө баштаган.

Ал Египеттин президенти Мухаммед Мурсини төңкөрүүнү колдогон жетекчилердин сот жообуна тартылуусун талап кылган чакырык жасаган.

2015-жылдын сентябрь айында Саиф андан да алдыга кетти. Атын атагысы келбеген саудиялык принцтин Сауд Арабиянын королу Салманды төңкөрүүгө чакырык кылган эки катынан кийин Сауд бин Саиф аль-Наср бул чакырыкты ачык колдогон королдуктун үй-бүлө мүчөсү болду. Ал Твиттерде “Элибизди бул каттардын мазмунун кысым куралына айландырууга чакырам”,-деп жазган. Андан соң анын социалдык тармактагы үнү өчтү.

ЭРКИНДИКТИН КУНУ

2013-жылы Германияга качып, баш калка талап кылган дагы бир оппозициячыл принц Халед бен Фархан болуп саналат. Аны Перс булуңунда ачылганы жаткан ишкана боюнча сүйлөшүүгө катышаарын айтып, алдап Миландан Римге алып кетишкен.

“Менчик учак келип принцти Миландан алып кетти. Бирок учак Римге эмес, Эр-Риядга конду. Көрсө Сауд Арабиянын чалгын кызматы уюштурган экен. Эми принц Халед бен Фарханды Турки сыяктуу абак күтүп турат. Жалгыз тагдыр – жер астындагы зындан”

Ал ортодо принц Халид өзүн да Риадга зордоп алып келүү үчүн пландар түзүлгөнүнө ишенерин айтты. “Европада королдуктун үй-бүлөсүнүн 4 мүчөсү болгон. Биз үй-бүлөнү жана Сауд Арабия бийлигин сынга алдык. Үчөөнү алып кетишти. Жалгыз мен калдым. Буга көптөн бери ишенип жүрөм. Эгерде бүгүнкүгө чейин жасай алышса жасашмак. Бирок мен абдан этиятмын. Бул эркиндигимдин куну”,-деген.

Булак: BBC


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!