Унаа менен келген студенттер окуудан чыгат

24-Авг. 2017, Бейшемби

Тажикстанда өз унаасын айдап келген студенттер жана мектеп окучулары окуудан чыгат. “Билим берүү тууралуу” мыйзамга киргизилген оңдоолор өлкөнүн Намояндагон Межлисинин жыйынында жактырылды. Парламенттин депутаттары президент тарабынан сунушталган мыйзамды бир добуштан колдоду.

Өлкөнүн Билим жана илим министри Нуриддин Саид бул тартипти бузган студенттер үч жыл, ал эми мектеп, лицейлердин окуучулары 1 жыл окуудан чыгарыларын айтты. Мында аракеттер билим берүү тармагында социалдык адилеттик, теңдик менен камсыз кыларын, жол кырсыктары, студенттер менен окуучулардын кылмышка аралашуусун азайтарын кошумчалады.

“Өткөн жылы окуу жайларга өз унаалары менен келген окуучулардын жана студенттердин катыштыгында кырсыктар көп катталган. Мектептер жана ЖОЖдор алардын абалын көрсөтүүчү эмес, билим ала турган жай болуп эсептелет”,-деди Нуриддин Саид.


Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги сайтына окуучулардын кийимдери боюнча талаптарын жазган. Жаңы нормаларга ылайык аларга хиджаб, тар жана жыртык жынсыларды, кыска юбкаларды, жарнамалар жазылган футболкаларды, спортук киймдерди кийүүгө тыюу салынган. Ошондой эле кулагына бирден ашык сөйкө тагынуу, ачык макияж, узун тырмак, ал эми эркектерге узун чач, сакал, татуировка менен жүрүүгө болбой тургандыгы жазылган. Ал эми ата-мекендик өндүрүшчүлөрдөн алынган улуттук баш кийимдерди кийип жүрүүгө уруксат берилген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!