“Samsung”дун жетекчиси 5 жылга камалат

26-Авг. 2017, Ишемби

Түштүк Кореяда сот “Samsung” компаниясынын башчысы Ли Чжэ Ёнго беш жылга абак жазасын өтөө өкүмүн чыгарды. Ага паракорчулук, мыйзамсыз кирешелерди жашыруу, акча каражатын чет өлкөлөргө мыйзамсыз которуу сыяктуу айыптар тагылганын “Рёнхап” агенттиги кабарлады.

Сот экс-президент Пак Кын Хенин жакын досунун кызынын ат спорту менен машыгуусуна Ли Чжэ Ён 6,38 миллион доллар бөлүп берген деп эсептеген. Прокуратура бул үчүн 12 жыл эркинен ажыратууну сураган. Күтүлүп жаткандай эле Ли Чжэ Ён бул чечим боюнча арызданарын айтты.

Белгилей кетсек, Түштүк Кореяда паракорчулук жаңжалы 2016-жылдын октябрь айында башталган. Анда маалымат каражаттарында Түндүк Кореянын корпорацияларынан, анын ичинен “Samsung” компаниясынан Цой Сун Силь фонддоруна акча алганы тууралуу кабарлар жарыяланган. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда иштебей туруп президенттик администрациянын ишине кийлигишкени жазылган.

Бул ишке байланышы бар делип, жалпысынан 30дай адам айыпталган. Алардын ичинен Пак Кын Хе 10-мартта Конституциялык соттун чечими менен кызматынан четтетилген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!