“Харви” 155 миң америкалыкты жарыксыз калтырды

26-Авг. 2017, Ишемби

Аталган бороон чапкындын айынан Американын Корпус-Кристи шаарынын 155 миң тургуну жарыксыз калды. Бул боюнча “Риа Новости” агенттигине кабар жарыяланды.

“Харви” Тынч океанын жээгинде ишембиге караган түнү башталган. Ал жакта шамалдын ылдамдыгы саатына 215 чакырымга жеткен. Бул 2005-жылы миң адамдын өмүрүн алган “Катрина" ураганынан кийинки эң күчтүү бороон болуп саналат.

“Харви” ураганында олуттуу кыйроолор көп болушу мүмкүн экендигин Өзгөчө кырдаал боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси Брок Лонг эскерткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!