Эс алууга 100 миллион доллар жумшады

26-Авг. 2017, Ишемби

Сауд Арабиянын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд Мароккодогу бир айлык эс алуусуна 100 миллион доллар жумшаган.

81 жаштагы король эс алуусуна өз өлкөсүнө туризмден түшкөн жылдык кирешесинин 1,5 пайызына туура келген каражат же 100 миллион доллар короткон.

24-июлда миң адамдан турган делегация менен Мароккодо барып, бир айга жакын убакытка калган. Аны коштогон минстрлерге, кеңешчилерине, туугандары жана коопсуздук кызматкелери шаардын эң кымбат мейманкаларына жашашкан. Алар үчүн 800 бөлмө даярдалып, 200 унаа ижарага алынган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!