Чоң энелер аскердик машыгуудан өттү

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Венесуэланын бийлиги өлкө боюнча аскердик машыгуу өткөрдү. Анда жөнөкөй элге курал колдонууну үйрөткөн. Иш-чаранын алгачкы күнүнү 200 миң жоокер жана 700 миң жөн жай тургундар катышканын “Би-би-си” кызматы кабарлады.

Венесуэла учурда саясий жана экономикалык оор кризисти башына өткөрүүдө. Өлкөнүн экспортунда жана бюджетте ири үлүшү болгон мунайдын баасы төмөндөгөнү социалдык программаларды кыйла азайуусуна себеп болду. Калкы кескин жакырланып, зарыл болгон товарлардын дээрлик жетишсиздиги келип чыкты.

Апрель айынан бери өлкөдө өкмөткө каршы демонстрациялар токтобой, полиция менен кагылышканга чейин жетти. Андан көз жумгандардын саны 120дан ашты.

Андан тышкары президент Николас Мадуронун өкмөтүнө АКШнын кысымы көбөйдү.

Өткөн жумада АКШнын президенти Дональд Трамп Мадурону диктатор деп атап, Венесуэлага карата каржылык санкцияларды киргизген буйрукка кол койду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!