Англиядагы жээкти ууланган булут каптады

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Улуу Британиянын түштүк-чыгышындагы жээкти ууланган булут каптап, 200 адам жабыркады.

Мындай көрүнүш жекшемби, 27-августта Чыгыш Сусскесте болгон. Күбөлөрдүн айтымында Бирлинг-Гэп пляжында эс алуучулар хлордун оор жытын сезишкен. Пляж 10 мүнөттүн ичинде бошогон.

Дем алуусунда көйгөй жаралган, көздөрү кычышып, жүрөгү айлангандар ооруканага жеткирилген. 233 бейтапка медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ууланган булуттун пайда болуу себептери аныктала элек. Иликтөө иштери башталды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!