Полиэтилен баштык көтөргөндөр эркинен ажырайт

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Кенияда полиэтилен баштыкчаларын пайдаланууга тыюу салынды. Мындай чаралар айлана чөйрөнү коргоо максатында көрүлгөн.

Пластик пакеттерди даярдагандар, саткандар, сатып алган жана бир нерселерди салып көтөргөндөргө 38 миң доллар айып пул салынат. Ал тургай төрт жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бул боюнча мыйзамда уруксат берген айрым жагдайлар кездешет. Ага ылайык азык-түлүктөрдү таңгактоого колдонулуучу полиэтилендерди өндүргөндөр тыюлардан бошотулган.

2016-жылдын декабрь айында Финляндияда пластик пакеттер жылдын эң керексиз буюму деп табылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!