Ак сарайдан дагы бирөө айрылды

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

АКШнын президенти Дональд Трамптын Террорчулук менен күрөш боюнча кеңешчиси Себастьян Горка кызматынан кеткени белгилүү болду.

АКШнын маалымат каражаттарына чыккан кабарларга ылайык кеңешчи Горка Трамптын бийлигиндеги акыркы адамдардан болду.

Айрым булактар анын кызматынан чегингенин жазса, атын атабаган Ак сарайдагы жетекчилердин бири “Горка кызматынан кеткен жок. Бирок ал жакта иштебей калгандыгын тастыктай алам”,-деген.

Анын кызматтан кетүүсү Трамптын башкы стратегиячысы Стивен Бэннон өткөн аптада жолдору бөлүнгөндөн кийин күтүлгөн өнүгүү эле.

Улуттук коопсуздук жана террорчулук менен күрөш тармагында Себастьян Горка менен Стивен Бэннондун көз караштары бирдей болгон.

Горка Ак сарайдан кеткенден бир нече апта мурда Ак сарайдын администрациясын жетектеген Жон Келли маанилүү роль ойногону белгиленүүдө.

Келли кызматка киришери менен Ак сарайда болуп жаткан кадрдык өзгөрүүлөр болду. Кызматынан кеткен же куулгандардын арасында администрация башчысы Райнс Прибус, маалымат катчысы Шон Спайсер, Коммуникация директору Энтони Скарамуччи, Башкы стратегиячы Стивен Бэннон, эми Террорчулук менен күрөш боюнча кеңешчи Себастьян Горка орун алды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!