Цукерберг Август аттуу кыздуу болду

29-Авг. 2017, Шейшемби

“Facebook” тармагын негиздеген Марк Цукерберг жана жубайы Присцилла Август аттуу кыздуу болушту. Алар сүйүнүчүн социалдык тармактагы баракчаларына жазган. Ошондой эле ата-энелер кызына жазган катын жарыялашкан.

“Кымбаттуу Август! Бул дүйнөгө кош келипсиң! Мага жана апаңа кандай чоңоёруң абдан кызык. Эжең төрөлгөндө ага да кат жазганбыз. Анда ал жана сен кандай дүйнөгө келгениңерди, билим берүү мыкты деңгээлдеги, оору сыркоо аз, элдердин бири-бири менен мамилеси бекем дүйнөдө чоңоюшуңарды үмүт кылганыбыз белгиленген. Бардык жаратмандыктар жана жаңы технологиялардын жардамы менен силердин муунуңар бизге караганда бир топ жакшы жашашы керек. Ал үчүн биз милдеттеме алышыбыз зарыл”,-деген сүйлөмдөр менен башталган ишкер жана анын жубайынын каты.

Август - 32 жаштагы Цукерберг жана Чандын экинчи кызы. Биринчи Максим атуу кызы 2015-жылдын 1-декабрында төрөлгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!