Америкалык айым Димаш үчүн Казакстанга келди

29-Авг. 2017, Шейшемби

“EXPO-2017” көргөзмөсүнө дүйнөнүн ар тарабынан келишти. Астанага келгендердин арасында кумиринин чакырыгы менен келген АКШнын тургуну бар экени көргөзмөнүн расмий сайтына жазылган.

Патрис Груллион аттуу айым Лос-Анджелес шаарына келген. Айтымында Димаштын ырларынан кийинки “Казакстанга куш келипсиздер!”,-деген сөзү анын келүүсүнө түрткү болгон.

Патрис Груллион Казакстанда үч ай жүрүүнү пландаган. Бул мезгил аралыгында ал казак тилин үйрөнүп, өлкөнүн маданияты, салты менен жакындан таанышат.

Күйөрманы Димаш окуган университетке барууга жетишти. Эми ал ырдай турган Алмата шаарына, андан соң сүйүктүү ырчысы төрөлүп өскөн Актөбө шаарына барууну пландоодо.

Патрис буга чейин фан-клубдардын күйөрманы болбогонун, учурда “Димаш USA” фан-клубунун жана Лос-Анджелестеги “Димаш Кудайбергенов” клубунун мүчөсү экенин белгиледи.

“Мен казакстандыктар Димаштын дүйнөгө таасирин түшүнсө деп ойлойм. Ал түрдүү маданияттын, түрдүү мамлекеттердин жана ар кандай жаштагы, ар кандай статустагы адамдарды бириктирди. Биз бардыгыбыз бир тууган, эже-сиңди болдук”,-деди Патрис.

Эми күйөрманды Алматыдагы “Dimash Dostar” жана “EurasianFanClub” фан-клуббдары мүчөлүккө кабыл алганы белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!