Лукашенко уулу экөө 105 тонна картошка жыйнады

29-Авг. 2017, Шейшемби

26-августта ишембиде Беларусиянын президенти Александр Лукашенко кичүү уулу Николай менен өздөрүнүн аянтындагы картошканы казышкан. 3 гектар аянттан 105 тонна түшүм алышкан. Бул туурасында Беларусиянын маалымат кызматы кабарлады.

“Президенттин иш-тартибинде бош болгон ишембиде өз аянтында иштеп, түшүм жыйнады”,-деп жазылган билдирүүдө.
Бул иш менен ата бала бир күн алектенип, 3 гектар аянттан 105 тонна картошка жыйнашкан.

“Биргеликте мындай иштерди жасоо президенттин үйүндө салтка айланган. Түшүм карылар жана балдар жашаган социалдык мекемелерге берилет”,-деп жазган “Белта” мамлекеттик агенттиги.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!