Орусча сүйлөгөндөрдүн саны 50 миллионго азайган

29-Авг. 2017, Шейшемби

Акыркы 25 жылда дүйнөдө орус тилинде сүйлөгөндөрдүн саны 50 миллионго кыскарган. Мындай пикирин Мамлекеттик думанын Билим берүү жана илим комитетинин өкүлү Вячеслав Никонов “Интерфакс” агенттигинин журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

“Советтер союзу тарагандан бери биз 50 миллион орус тилдүүлөрдү жоготтук. Бул тенденция уланып жатат”,-деген.

Анын айтымында орус тилинде сүйлөгөндөрдүн санындагы маанилүү кыскарууга мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн мектептеринин орус тилин экинчи же үчүнчү чет тили катары окутулуп калганы себеп болгон. “Совет мезгилинде ага кирген мамлекетердин, Чыгыш Европанын мектептеринде орус тили милдетүү түрдө окутулган. Эми эч жерде андай жок. СССР кулаганга чейин дүйнөдө орус тилинде сүйлөгөндөрдүн саны 350 миллион болгон. Азыр бул көрсөткүч 300 миллиондон төмөн”,-деди Вячеслав Никонов.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!