Душанбеде бал майрамы белгиленет

29-Авг. 2017, Шейшемби

Аталган шаарда 30-31-августта коон жана бал майрамы белгиленет. Аны менен бирге ал күнү айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Иш-чара Айыл чарба министрлиги жана шаар бийлиги тарабынан уюштурулат.

Коон жана бал майрамы Тажикстан Республикасынын эгемендигинин 26-жылдыгына жана Курман айт майрамына карата өткөрүлөт.

Иш-чаралар 30-августа эртен мененки саат 7де шаардын төрт жеринде өтөт.

Өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген дыйкандардын жана балчылардын коондору, бал жана башка айыл чарба азыктары боюнча конкурс жарыяланган. Жеңүүчүлөргө уюштуруу комитетинин баалуу белектери берилет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!