НАТОнун “катачылыгынан” 13 киши курман болду

30-Авг. 2017, Шаршемби

НАТО күчтөрүнө тиешелүү учактар Афганистандын Герат шаарынын Зир Кох районуна карапайым элге “жаңылыштык” менен сокку урганы белгилүү болду. Анда 13 жаран курман болуп, жети жаран жаракат алган.

Герат губернаторлугунун маалымат катчысы Жейлани Фархад НАТО учактарынын Зир Кохтогу Талибандар жайгашкан жерлерге абадан кол салып жатып, “жаңылыштык” менен жарандардын үйлөрүнө сокку урганын белгиледи. Ошондой эле ал жарандар жашаган аймак Талибандар жайгашкан жерлерге абдан жакын болгондугун кошумчалады.

Кол салууда 13 тургун курман болгону, 7 жаран жаракат алганы белгилүү болду. Ал эми Талибандын 16 мүчөсү өлтүрүлсө, 4 согушкер жарадар болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!