Түндүк Кореянын ракетасы Японияга учту

30-Авг. 2017, Шаршемби

Эл аралык кысымдарга карабастан Түндүк Корея кайрадан баллистикалык ракета сынады. Япония өкмөтү Түндүк Кореядан учурулган ракета өлкөсүнүн түндүгү аркылуу өтүп, кургактыкка 1180 чакырым аралыкта жайгашкан деңизге түшкөнүн билдирди.

Япониянын мамлекеттик “NHK” телеканалы ракета Хоккайдо аралынын чыгышына түшкөнүн, кандайдыр бир зыян алып келбегенин кабарлады. Түштүк Кореянын армиясы Пхеньян учурган ракета 2700 чакырым аралыкты басып өткөнүн, 550 чакырым бийиктикке жеткенин аныктады. Жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 05:58те учурулган ракетаны атуу үчүн Япония кандайдыр бир аракет көрбөгөнүн белгиледи.

“BBC” кызматынын кабарына ылайык премьер-министри Шинзо Абе элин коргоого болгон аракетин көрөрүн айтты. Ошондой эле өкмөт ракетанын бутасындагы аймактардын тургундарына эскертүү берилди.

Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсихидэ Суга Түндүк Кореянын ракетасын сынаганы өлкөсүнө коркунуч жараткандыгын, Токио буга катаал жооп берерин айтты. Ошондой эле ал Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) чечимдерин бузганын кошумчалады. “АКШ, Түштүк Корея жана башка мамлекеттер биригип, убагы келгенде тиешелүү жообу берилет”,-деди ал.

Түндүк Кореянын ракеталык сыноолору аймакка эле эмес, БУУга мүчө мамлекеттердин бардыгына коркунуч келтирери БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!