Ким дүйнөнү согушка алып бара жатат?

30-Авг. 2017, Шаршемби

Көп айлардан бери АКШны коркуткан Түндүк Корея бул жылы баллистикалык сынагын 13-ирет өткөрдү. Япониянын үстүнөн учкан ракета чоң океанга барып түштү. Дональд Трамп Пхеньянга согуш ачаарын айтса, Кытай чектен ашканын айтты. Эл аралык кысымдарга жана Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) санкцияларына карабай өткөрүлүп жаткан сыноолор Японияда кооптонууну жаратты. Өлкөнүн айрым аймактарында сиреналардын үнү жаңырды.

Трамп коркутту

Элге коргонуу боюнча эскертүү берилди. Япониянын премьер-министри Шинзо Абе кабинетин чукул жыйынга чакырган соң Трамп менен телефон аркылуу 40 мүнөт сүйлөштү. Пхеньян бийлигинин акыркы кадамы боюнча АКШнын президенти Дональд Трамптан катаал билдирүү келди. “Дүйнө Түндүк Кореянын билдирүүсүн алды”,-деген Трамп Пхеньяндын кылганын аймактагы мамлекеттер жана бардык БУУнун мүчөлөрүнө акарат катары кабылдарын белгиледи. Түндүк Кореянын бул кылгандары өзүн обочолонтууга гана алып келерин айткан Трамп “Бардык чаралар каралып жатат”,-деди.

Кытай Пхеньянга ачууланды

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И “Түндүк Кореянын кылгандары чекке жетти”,-деди. Россияда парламенттин Эл аралык маселелер комитетинин төрагасы Константин Косачев ракеталык сыноону АКШга карата “Мен жөөлүгөн жокмун” дегенди түшүндүрөрүн айтты.

Бул күн атайын тандалгандай

Түндүк Корея акыркы сынагын өткөргөн күн өзгөчө көңүл бурарлык. Анткени 29-август БУУ тарабынан “Өзөктүк сыноолорго каршы эл аралык күн” катары жарыяланган эле. Ага карабастан сынак ушул күндүн таңында ишке ашырылды.

Токио ракеталарды аткан жок

Гуам аралындагы кризистен кийин Токиодогу бош аймактарда жайгаштырылган ракеталар Пхеньянды көздөй бурулуп, жооп берилери айтылган. Жетекчилер Түндүк Кореянын ракеталарына абадан кийлигишүү болбогонун билдирди.

Пхеньян 1998-жылы Япониянын үстүнөн ракета учурган жана окуя аймакта чоң нааразычылыктарга себеп болгон.

БУУ жыйынга чакырылды

Япония БУУнун Коопсуздук кеңешин бул теманы талкуулоого кезексиз жыйынга чакырды. Түштүк Корея өкмөтү АКШ менен ракета сынагын анализдегени жана Түндүк Корея тараптан болушу мүмкүн болгон коркунучтарга карата чаралар көрүлгөндүгүн билдирди. Австралиянын премьер-министри Малкольм Блай Тернбулл дагы Түндүк Кореянын аймактагы тынчтыкка, туруктуулукка коркунуч жараткан ракета сыноолору кабыл алынгыс экенин белгилеп, окуяны катуу сынга алышканын белгиледи.

Ракеталар алтынды кымбаттатты

Түндүк Кореянын акыркы айлардагы ракета сынактары алтын рыногуна таасир этти. Ар бир сынактан кийин жогорулаган алтындын наркы кечээ да көтөрүлдү. Адистер бул көрүнүштү өлкөнүн алтын запасына байланыштырышкан. Айтылгандарга караганда Пхеньян бийлиги дүйнө рыногуна таасир эте тургандай өлчөмдө алтын запасын топтогон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!