Христофор Колумбдун эстелигин талкаланды

31-Авг. 2017, Бейшемби

Нью-Йорк шаарындагы Йонкерс паркындагы Америка материгин алгачкылардан болуп ачкан Христофор Колумбдун эстелигин талкаланган. 60 сантиметрлик статуя гипстен жасалган.

Жергиликтуу тургундардын айтымында окуя 26-августта кечинде болгон.

Полициянын комиссары Чарльз Гарднердин айтымында эстеликти балдар талкалаган жана бул боюнча иликтөө иштери башталган.

Христофор Колумбдун колодон жасалган эстелиги 12 жыл мурда уурдалган.

Американын ачылышы ал жакта жашаган жергиликтүү тургундарга зыян алып келгенин айткандар бар. Андан улам миллиондогон африкалыктар курмандыгы болгон кулдарды сатуу келип чыкканын белгилешет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!