Башка галактикадан радио сигнал келди

4-Сен. 2017, Дүйшөмбү

Стивен Хокингдин демилгеси менен курулган телескоптор аркылуу Дүйнөдөн 3 миллиард жарык жыл алыстагы галактикалардан күчтүү радио толкундардын келгенин аныкташты. Толкундардын келип чыгуусу НЛО болуусу ыктымал деген божомол да каралууда.

Окумуштуулар нитрон жылдыздарынан же кара тешиктерден келген сигналдар деп болжошкон, бирок НЛО бул толкундарды жаратышы мүмкүн деп эсептешет. Белгилүү окумуштуу Стивен Хокинг менен россиялык миллиардер Юрий Мильнер тарабынан демилгеленген “Тыншоо” (“Breakthrough Listen”) аттуу долбоордун контекстинде ал дүйнөдөгү дагы бир жашоо бар-жогун аныктоо үчүн 100 миллион доллар бөлүшкөн. Долбоордун телескоп тармагы, FRB (тез радио жарылышы) деп аталган тез радио толкундардын жардамы менен аныкталды. Ошентип, 15 күчтүү жана FRB аныкталды.

2012-жылы дүйнө жүзүндө 3 миллиард жарык жыл алыстыкта орун алган кичине (карлик) галактика булагынан чамасы менен эки FRB пайда болгон. Сигналдардын булагына “FRB 121102” деген ат берилген. Изилдөө жүргүзүшкөн астрономдор акыркы сигналдар бир жерден чыкканын жана мурдагыга караганда тез жана күчтүү болгондугун белгилешүүдө.

Сигналдардын келген себебинин белгисиздиги астрономдордун арасында талаш жаратты. «Breakthrough Listen» жобосунун изилдөөчү жана сигналдардын өсүүсүн аныктоочу Вишал Гаджардын айтуусу боюнча, сигналдын булактары кайрадан ишке кошуп, радио толкундарын “сырдуу” деп атаган. Долбоордун директорлорунун бири Эндрю Симион, сигналдар "жерден тышкаркы технологиядан” келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок. Гарвард университетинин профессору Питер Уильямс : «Мен толкундардын кандай болгонун канааттандыраарлык түшүндүрмө бере ала турган адамды жолуктурган эмесмин»,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!