Түндүк Корея суутек бомбасын сынады

4-Сен. 2017, Дүйшөмбү

Күчү 6.3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Япониянын согуштук учактары көтөрүлдү. Түндүк Кореяда күчү 6.3 баллга жеткен жер титирөө суутек бомбасын сынагандан улам келип чыкканы белгилүү болду. Япониянын Тышкы иштер министри дагы бир өзөктүк сыноо болгонун тастыктады. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Коопсуздук кеңеши менен кезексиз жыйын өткөрсө, Кытайдын жер титирөө агенттиги силкинүүнү “шектүү жер титирөө” катары сыпаттады. Ал ортодо Түндүк Корея жаңы суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганын жарыялады.

Түндүк Кореянын өзөктүк ракета сыноолорду өткөргөн Пунгери аймагына жакын жерде 10 чакырым тереңдикте болгон зилзала табигый эмес, адамдардын таасиринен улам келип чыкканы аныкталды.

Түштүк Кореянын борбору Сеулга жакынкы аймакта 5-10 секундга созулган силкинүүдөн 8 мүнөттөн кийин күчү 4.6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жапониянын Тышкы иштер министри Түндүк Корея алтынчы өзөктүк сыноосун өткөргөнүн билдирди.

ТРАМП ЖАНА АБЕДЕН БИЛДИРҮҮ
Япония аз дегенде үч согуштук учагын учуруп, абада радиация сынактарын өткөрө баштады. Зизаланын күчү Түндүк Корея бүгүнкү күнгө чейинки эң күчтүү ракетасын сынаганынан кабар берип тургансыйт.

Түндүк Кореянын бул бомбасы АКШга жетет турганы боюнча кептер тарады.

Ал ортодо АКШны президенти Дональд Трамп менен Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ телефон аркылуу сүйлөшүп, Түндүк Корея коркунучун талкууга алганы белгилүү болду. Бул боюнча Ак үй жазуу жүзүндө билдирүү жасады. Анда лидерлер Түндүк Кореяга карата кысымды “эң жогорку чекке жеткирүү” боюнча бир пикирге келгени белгиленген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!