Адамзатты уйкусуз түндөр күтүп жатат…

5-Сен. 2017, Шейшемби

Постиндустриялык коомго мүнөздөлгөн депрессия менен стрестен эмес (адаттагыдай), глобалдык жылуулуктан адамзаттын уйкусу качат. Глобалдык жылуулуктун зыяндуу кесепетинен улам уйку жоголот.

Тактап айтканда, Ник Обрадович аттуу окумуштуулар тобу жана дүйнөгө белгилүү Гарварддын изилдөөчүлөрү 2002-2013 жылдар аралыгында 765 000 америкалык бейтаптын уйкуга байланыштуу даттанууларын иликтешкен. Изилдеп көрүшкөндө уйкунун сапаты аба ырайы менен түздөн-түз байланыштуу экени аныкталган. Тактап айтканда, түнкү температура бир айлык орточо градустан ашып кетсе, үч түн боюу кирпик какпагандардын саны өскөн.

Адам уктаган маалда анын терисиндеги кан айдоочу тамырлары кеңейет, бул өз кезегинде дене температурасынын төмөндөсүнө алып келет. Ал эми курчап турган бөлмөдө температура өтө жогору болсо, дене температурасынын төмөндөшүнө тоскоолдук жаратып, арты уйкусуздукка алып келет.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, жердеги абанын орточо түнкү температурасы күндүзгүгө караганда ылдам көтөрүлүүдө. Дүйнөлүк орточо температура 1 ºC га жогорулаганда (2050-жылы күтүлүүдө) таңды уйкусуз тоскондордун саны өсүүсү күтүлөт. Аталган фактор боло турган уйкусуздуктан улам келип чыгат. Өзгөчө, кедейлер менен улгайган адамдар катуу зыян чегишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!