Мьянмадан качкан мусулмандардын саны 90 миңге жетти

5-Сен. 2017, Шейшемби

Мусулмандар көп жашаган Мьянманын Аракан штатындагы жаңжалдар 25-августа башталгандан бери Бангладешке өтүүгө аргасыз болгон мусулмандардын саны 90 миңге жетти.

Чек арасы Бангладеш тарапта жайгашкан Кокс-Базар шаарындагы “BBC” кызматынын кабарчысы өкмөттүн тапшырмаларына карабастан полиция маал маалы менен аларды өткөрүп жиберип жатканын кабарлаган.
Гуманитардык жардам уюмдары болжолдуу 10 миңдей адам эки өлкөнүн ортосундагы бейтарап аймакта жайгашканын белгилөөдө. Бул адамдар чек арадан өтсө олуттуу гуманитардык абал келип чыгары болжолдонууда.
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Качкындар Жогорку комиссарлыгы (UNHCR) жана гуманитардык жардам уюмдары зомбулуктан качкандар баш калкалаган жерлерде азык-түлүк жана гигиеналык каражаттар жетишсиз экенин билдиришүүдө.

Мьянманын батышында жайгашкан Ракхайн штатында 1 миллиондон ашык мусулман жашайт. Калкынынын көп бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянмада мусулмандар жарандык баштаган бир топ негизги укуктардан куру калган. Аймакта өткөн жылдын октябрь айынан ушул кезге чейин жалпысынан жаңжалдар токтогон болсо 25-август күнү жыйырмадан ашык полиция бекеттерине кол салуу жасаганы жаңжалдардын кайрадан тутанышына себеп болду.

Полиция бекеттерине уюштурулган баскындын максаты мамлекеттин мусулмандарга карата зулумдукту токтотуу экендигин билдирген Аракан Куткаруу Армиясы (ARSA) жоопкерчиликти өздөрүнө алды. Мьянма өкмөтү аталган армияны “террордук уюм” катары сыпаттоо менен мусулмандаргы кысым болбогонун белгилеген.
Мьянма өкмөтү болуп жаткан жаңжалдарда жана армиянын кийлигишүүсүнөн болжол менен 400 адам көз жумганын, аталган штаттан мусулман эмес 12 миңдей тургун көчүрүлгөнүн кабарлады.
Хьюман Райтс Уочт” (HRW) уюму спутниктен алынган көрүнүштөргө жана Бангладешке качкан мусулмандар менен болгон сүйлөшүүлөргө таянып, бүлгүн болжолдонгондон да жаман экенин белгилеген.

Гуманитардык абал начарлоодо
Аракан провинциясынын түндүгүндө качкан мусулмандар жеткен жерлерде гуманитардык абал барган сайын начарлап жатканы айтылууда.

UNHCR маалымат катчысы Вивиан Тан журналисттерге Бангладеш менен Мьянманын ортосундагы чек аранын бир бөлүгүн түзгөн Наф суусунун боюна чатыр шаарлар курулгандыгын, бул жакта адамдар лагерлерге жайгаштырууну күтүп жатышкандыгын айтты.
“Учурдагы лагерлер толук. Бирок келгендердин саны улам көбөйүүдө. Келерки күндөрдө мындан көп жерлерге муктаждык болот”,-деди. Андан тышкары Вивиан Тан лагерлерде кош бойлуу аялдар көп экенин, ал жактарга азык-түлүк жана гигиеналык каражаттарды жеткирүү зарылдыгын белгиледи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!